Кыргызстанда унааларды мыйзамсыз караңгылаткандар үчүн айып пул көбөйдү

Кыргызстанда унаалардын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу үчүн айып пул мындан ары жеке жактарга 22 миң сом, юридикалык жактарга 40 миң сом болот. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги билдирди.
Маалыматка караганда, Кылмыш-процессуалдык кодекстин 194-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык, жаңыдан киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатууну уланткан адамдарга ар кандай өлчөмдө айып салынат. Бишкек ШИИБ бардык айдоочуларды Жол эрежесин сактоого жана мыйзам бузбоого чакырат.
Эске салсак, азыр Кыргызстанда тонировкага уруксат берилген, бирок ага акча төлөш керек. Акы төлөнүүчү негизде тонировкалоо боюнча мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз