Кыргызстандык музыкант Викрам Рузакунов учурда кайсы мекемеде кармалып турганы белгилүү болду

Алматыда кармалган кыргызстандык Викрам Рузахунов шаардык кабыл алуу борборунда. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы элчиси Дастан Дюшекеев билдирди.
Анын айтымында, музыканттын кармалганы боюнча расмий маалымат алуу азырынча кыйын. Кечээ кечинде кыргыз элчилиги Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде бул боюнча атайын иш алып барганын билдирген.
«Бүгүн саат 08.30да мага телефон чалып, ИИМдин кабыл алуу бөлүмүндө экенин айтышты. Башкы консул ошол замат ал жакка жөнөдү. Кармалган адам менен болгон жолугушуунун жыйынтыгында окуянын чоо-жайы белгилүү болот», — деди элчи.
Эске салсак, буга чейин казакстандык жергиликтүү телеканалдардын биринин эфиринде кармалгандардын бири Кыргызстандан учуп келгенин айткан сюжет көрсөтүлгөн. Маалыматта 1-январда айрым адамдар кыргызстандык жаранга телефон чалып, митингге 200 долларга катышууну сунушташканы айтылат. Кадрлардан эркектин бетинде ур-токмокко алуу ыктымалынын издери бар экенин көрүүгө болот. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги менен Ички иштер министрлиги окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз