Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов бошотулганы айтылууда

Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов эркиндикке чыкты. Маалыматты 10-январда «Сводка. АКИpress» редакциясы УКМКнын басма сөз кызматынан тастыкташты.
Ал бүгүн, 10-январда Кыргызстанга алып келинет. Буга чейин казакстандык басылмалар митингге катышуу үчүн Кыргызстандан учуп барганын билдирген жарандын видеосун тараткан. Бул үчүн белгисиз адамдар ага 90 миң теңге убада кылышкан. Кийинчерээк кармалган адам белгилүү музыкант Викрам Рузахунов экени белгилүү болгон.
Кыргызстандын Ички иштер министрлиги Рузахуновдун туугандарына шилтеме берүү менен билдиргендей, Рузахуновду Жаңы жылдын алдында Алматыга концерт коюуга чакырышкан. Ал 16-декабрда Казакстанга билет сатып алган жана 2-январда кечки саат 20:00дө Алматыга учуп кеткен. Музыкантты апасы Кундузхан Рузахунова жана Бишкектеги «EPAMда» программист болуп иштеген жээни Аскат Сериков узатышкан.
Бул боюняча УКМКнын төрагасы Ташиев чыгып сүйлөгөн.
«Алматыда биздин жаран Викрам Рузахуновдун кармалганы тууралуу маалымат тарады. Анын айтымында, ал башаламандыкка активдүү катышкандардын бири. Бирок биз жоопкерчиликтүү түрдө биздин бийлик тарабынан анын террорист эместигин билдиребиз. Ал жөнөкөй жаран, музыкант. Эртең менен текшеришти, ал эч качан баш аламандыкка катышкан эмес. Биз Казакстандын мамлекеттик каналдары аркылуу таратылган маалымат туура эмес деп эсептейбиз», — деген Ташиев. Бул жагдайга Кыргызстандын президентинин администрациясы дагы комментарий берип, кыргызстандык музыкант Рузахуновду деструктивдүү элемент катары көрсөтүп жаткан чет элдик басылмалар тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз