Кыргызстандын Казакстандагы аскерлери 14-январда кайтып келишет

Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн тынчтык орнотуучу аскер контингенти 14-январда Алматыдан кайтып келет. Бул тууралуу КР Коргоо министрлигинен билдиришти.
Министрликтин маалыматына караганда, аскерлер эртең түштөн кийин «Ак-Жол» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келип, андан соң Токмактагы туруктуу жайгаштыруу пунктуна жөнөшөт.
Белгиленгендей, Кыргызстандын аскерлери бүгүнкү күндө дагы Алматы ТЭЦ-2ди коргоодо кызмат өтөшүүдө
Эске салсак, Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү боюнча ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын отряды жөнөтүлгөн.
ЖККУнун Казакстандагы миссиясы ийгиликтүү аяктады. Аскерлерди чыгаруу бүгүн башталат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз