«Кыргызалтын» ААК 26 пайыз акциясын канадалык «Центерра Голд» компаниясына өткөрүп берет. Бул тууралуу өлкө президенти түз эфирде билдирди.
⠀Садыр Жапаровдун айтымында, «Центерра Голд» акциялар пакетине укуктарды Кыргызстанга өткөрүп берүүгө байланышкан бардык салык төлөмдөрүн Канаданын мыйзамынын негизинде жабат.
«Мындай келишимине жетишүү оңой болгон жок, ар бир пункт боюнча чечим чыгарууга бир жылдай убакыт кетти. Түзүлгөн келишимдин шарттары азыркы дүйнөлүк кризисти жана Кыргыз Республикасынын абалын эске алуу менен өлкөнүн мамлекеттик кызыкчылыктары үчүн эң оптималдуу жана пайдалуу болуп саналат деп ишендирип кетким келет. Белгилүү болгондой, соттук териштирүүлөр жана эл аралык арбитраж абдан узак убакытка созулуп кетиши мүмкүн. Жакшыраак шарттарды алуу үчүн биз жок дегенде беш, ал тургай жети же сегиз жыл жана он миллиондогон каражаттарды коротсок болот.
Бул учурда биздин пайдабызга чечим чыгарууга таптакыр кепилдик болбойт. Биз андан да көп акчаны жана баалуу убакытты жоготуп алышыбыз мүмкүн. Башынан эле биз улутташтыруу жөнүндө сөз болуп жаткан жок деп талашып-тартышканбыз», — деп түшүндүрдү ал.
⠀Мамлекет башчысы бийлик эч качан чет элдик инвесторлорго каршы чыккан эместигин белгиледи.
« Биз дайыма Кыргызстан бизнес үчүн ачык деп айтып келебиз. Биз мыйзам үстөмдүгүн, улуттук байлыгыбызды жана улуттук кызыкчылыктарыбызды урматтоо менен бөлүшкөндөрдүн инвестициясын ар дайым кубаттайбыз. Бүгүн биз муну дагы бир жолу далилдедик», — деди ал.
⠀Садыр Жапаров жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн 160-200 тонна алтын казып, Кыргыз Республикасы 5 миллиард доллар пайда аларына ишенерин билдирди.
Акылбек Жапаровдун билдирүүсүнө карабай ККМ колдонуу талап кылынат
Кассалык аппаратты колдонгон ишкерлер кардарларга кассалык квитанцияларды берүүгө милдеттүү.