Лавров Украинадагы “атайын операциянын” экинчи этабы башталганын жарыялады

Украинада орусиялык “атайын операциянын” кезектеги этабы башталат. Бул тууралуу бүгүн
19-апрелде Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров India Today телеканалына берген маегинде билдирди.
«Украинанын чыгышындагы операция, мурда жарыялангандай, Донецк жана Луганск республикаларын толук бошотууга багытталган. Бул операция уланат, бул атайын операциянын кийинки этабы азыр башталып жатат. Менимче, азыр бул атайын операциянын маанилүү учуру болот окшойт», — деди министр.
Ал Украинанын президенти Владимир Зеленский кызматташып, Минск келишимдерин ишке ашырууга аракет кылса, кризис эчак эле чечилмек деп баса белгиледи. Ошол эле учурда “Батыш Зеленскийди Орусияга каршы колдонуп, аны сатып жиберди”.
Москва Стамбулдагы жолугушуудан кийин дароо эле «Украинадагы аскерий позициясын» өзгөрттү, — деп улантты Лавров.
Лавров ошондой эле Украинада өзөктүк куралдын колдонулушу боюнча суроого жооп берип, Орусия «атайын операциянын» азыркы этабында кадимки куралды гана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын тактады.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз