Мадумаров депутаттарды сындады: «Биринчи класстын окуучулары да 7:30га кечикпей барат»

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кесиптештерин тартипке чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн жыйында билдирди.
Анын айтымында, депутаттар кечигип кеткендиктен жыйын кеч башталат.
«Эгер парламенттин жыйыны саат 10.00гө белгиленсе, анда 9.55те залга кирүү керек. Биринчи класстын окуучулары 7.30да мектепке барышат. Келгиле, өзүбүздү тартипке салалы», — деди ал.

Ошондой эле Мадумаров өз оюн айткан депутаттардын сүйлөө маданиятын сынга алды.
«Эгер орусча сүйлөсөң, анда Пушкин менен Толстойдун тилин сыйла. Же таза кыргызча сүйлө», — деди Адахан Мадумаров.
Белгилей кетсек, парламенттин мурунку чакырылыштары да тартип менен айырмаланган эмес. Сессиялар көбүнчө өтө кеч башталат. Ошондуктан аларга күн тартибиндеги бардык маселелерди кароого бөлүнгөн убакыт жетишсиз болду.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз