«Мадумаров Кыргызстандан чыгып кетти»- деген маалымат боюнча партия расмий билдирүү таратты

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Кыргызстандан качып кеткени” жөнүндөгү жалган маалымат “Азаттык” радиосунун атынан социалдык желеге таратылууда.
22-ноябрда “Фейсбуктагы” айрым баракчаларда ушундай өңүттөгү кабар “Азаттыктын” эн белгиси (лого) менен кошо жарыяланган.
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Мунарбек уулу Мадумаров эки күн мурун Орусияга кеткенин, Москва жана Санкт-Петербург шаарларында шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүп жатканын маалымдады. Анын айтымында, саясатчы 26-ноябрда Кыргызстанга кайтып келет.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз