Мелис Аспековдун иниси алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу 10-апрелде Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга шаар тургуну кайрылган. Анын айтымында, Алтынбек (аты өзгөртүлдү) Сары-Өзөн базарынан чоң жер тилкесин сатып алууну убада кылган. Ошол эле учурда президент Садыр Жапаров менен түз байланышы бар экенин белгилеген. Жана андан 44 миң долларын алып, убадасын аткарбай, из жашырган. Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгү («Алдамчылык») катталган.

Натыйжада, кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган А.А. Ал ИВСга жайгаштырылды.
Маалыматтарга караганда, кармалган адам активист Мелис Аспековдун бир тууганы Азамат Аспеков.
Милиция кармалган адамдын башка кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт. Буга байланыштуу укук коргоо органдары шектүүнүн аракетинен жапа чеккен же кандайдыр бир маалыматы бар адамдарды 0 505 55-15-85, 0 557 13-91-39 же болбосо төмөнкү телефондорго билдирүүнү өтүнөт. Свердлов РИИБнин нөөмөт бөлүмү 0 312 43-28-15 жана 102.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз