Ноокатта бир үй-бүлөдөн төрт адам өрттөн каза болду

Бүгүн, 27-декабрда Ноокат районунун Көк-Жар айылында үй өрттөнүп, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 06:50дө 2 бөлүм тартылган. Жалын саат 09:28де чектөөгө алынган. Кырсыктын кесепетинен 2 аял жана 2 жаш бала көз жумду.

Ал эми Көк-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Сатар Миңбаев окуя болгонун тастыктап, буларга токтолду.

«Эртең менен таңкы саат 06:00 чамасында 1956-жылы туулган аял киши мешке от жагып коюп, кайра жатып алган. От катуу тутанып, килемге түшүп, килемден өрт тутанган. Үйдө эки кызы, эки небереси болгон. Өрттүн кесепетинен аталган аял өзү, 1982-жылы туулган кызы Ж.А. жана неберелери — 2009-жылы туулган Ж.С. (эркек бала), 2019-жылы туулган Х.М. (эркек бала) каза болду. Ал эми 1980-жылы туулган кызы Ж.Г. куткарылып, ооруканага жеткирилди», — деди ал.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз