Нурсултан Назарбаев учурда Нур-Султан шаарында экени маалым болду

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев учурда Казакстандын борбору — Нур-Султан шаарында экендиги маалым болду. Ал президент Касым-Жомарт Токаев менен түз байланышта болуп, бир катар консультациялык жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу Назарбаевдин кеңешчиси жана басма сөз катчысы Айдос Үкүбай өзүнүн Твиттер баракчасына жазды.

Айдос Үкүбайдын айтымында, Нурсултан Назарбаев учурда Казакстан менен жакын мамиледе болгон өлкөлөрдүн башчылары менен телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Басма сөз катчысы Нурсултан Назарбаевдин ошондой эле өлкөнүн бүтүмдүгүн сактап калуу үчүн бардык күчтөрдү Казакстандын президентинин айланасына биригүүгө үндөй тургандыгын жазган.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз