Орусия Украинанын бошотулган аймактарын калыбына келтирет

Орусия Украинанын бардык бошотулган аймактарын калыбына келтирет. Учурда керектүү каражаттын көлөмү такталып жатканын вице-премьер Марат Хуснуллинге шилтеме берип РИА Новости жазды.
Ал Украинанын Мелитополь шаарында иш сапары менен жүрөт.
Мындан тышкары, вице-премьер Запорожье облусунун Россия менен интеграциясы келечектүү экенине токтолду.
«Россия менен иштешсе аймактын келечеги кең болот деп ишенем. Атап айтканда, айыл чарба өндүрүшүн жана өнөр жайын өнүктүрүүдө Запорожьеге колдоо көрсөтүлөт», — деди ал.
Хуснуллин «Запорожье» атомдук электр станциясы «Россияга иштей турганын», бирок импорттун акысы төлөнсө Украинага электр энергиясын берүүгө даяр экенин белгиледи.
«Электр энергиясы кампада сакталбай турган товар. Андыктан Украинанын энергетика системасы кабыл алууга жана төлөөгө даяр болсо, анда беребиз», — деди ал.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз