Орус армиясындагы дагы бир кыргыз жигит каза болгону кабарланды

Орусия армиясында дагы бир Кыргызстанда туулуп-өскөн кыргыз аскер Украинада каза болгону айтылууда.
18-апрелде “Азаттык” радиосу Ош облусунун Өзгөн районунун Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы Аватбек Жолоев менен байланышканда ал Кара-Дыйкан айылында маркумдун туугандары сөөктү жерге берүү үчүн күтүп жатышканын билдирди:
“Келе элек, качан келери бүгүн билинет дешти. Кичине чоңойгондо эле кетиптир Орусияга. Орусиянын жарандыгын алган экен. Ошол жактан аскер кызматына кеткен экен. Ата-энеси бул жакта турат. Украинада каза болуптур деп жатышат”.
Буга чейин Украинада орус аскери катары окко учкан теги кыргызстандык эки адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын бири – 19 жаштагы Эгемберди Дорбоевдин сөөгү 25-мартта Ысык-Көлдөгү өзү туулган Кара-Ой айылына коюлган. Экинчиси – 26 жаштагы Рустам Зарифулиндин сөөгү Кара-Балтадагы ата-энеси жашаган үйдөн чыгарылган. Алардын сөөгү Орусиянын Канттагы авиабазасы аркылуу жеткирилген.
24-февралда Орусия Украинага басып кирген. Согуш миңдеген адамдын өмүрүн алып, миллиондогон адам үй-жайын таштап качууга аргасыз болду.

.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз