Ошто Азиянын эки жолку чемпиону Эркул уулу Манастын сөөгү табылды

Ош шаарында балбан Эркул уулу Манас каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып маалымдоодо.
Алдын ала маалыматтар боюнча, анын жансыз денеси эжесинин үйүнөн табылган. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

«16-январда саат 20:00дө милицияга Мамыров көчөсүнүн тургуну маркумдун каза болгону тууралуумилицияга кабарлаган. Натыйжада аталган даректен 1992-жылы туулган Э.уулу Мтын сөөгү табылган. Учурда бул иш боюнча сотко чейинки иликтөө иштери башталды», — деп айтылат маалыматта.
Маркум 2019-жылы козголгон кылмыш иши боюнча айыпталуучу болгонун шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди.

Ал Ош облусунун Чоң-Алай районунда туулган.
Грепплинг боюнча Кыргызстандын 6 жолку чемпиону, ADCC грэпплинг боюнча абсолюттук салмак категориясында Кыргызстандын чемпиону, UWW боюнча 2 жолку Азия чемпиону, ADCC грэпплинг боюнча Азия жана Океания чемпионатынын күмүш медалынын ээси, WEF PROFFIGHT Кулатуу жеңүүчүсү болгон.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз