Ош шаарында коомдук транспортко жол кире кымбаттады

Ошто жол кире акысы 15 сомго кымбаттады. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Ош шаардык кеңештин депутаттары бүгүнкү жыйында Оштогу маршруткалардын акысын көтөрүү чечимин кабыл алды.

Ага ылайык күндүз жол кире −15 сом, кечки 19.00дөн 21.00гө чейин 20 сом болот.

Жаңы тариф 1-декабрдан баштап иштейт.

Троллейбус жана автобустардын баасы өзгөргөн жок.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз