Парламент экономикадагы ӨК режими тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алды

Депутат Дастан Бекешев өзүнүн телеграм-каналы аркылуу парламент 27-октябрда экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү тууралуу мыйзам кабыл алынганын билдирди.
«Мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты кабыл алынып, кол коюу үчүн президентке жөнөтүлдү. Бул долбоордо өтө жакшы эмес учурлар бар. Ал өтө коркунучтуу жана кооптуу»,— деди Бекешев.
Депутаттын айтымында, парламент бир күндө эле ар башка окууда жалпы 23 мыйзамдын долбоорун кабыл алды.
Эске салсак, парламент буга чейин экономикадагы ӨК мыйзам долбоорун үч окууда кабыл алган. Биринчи жолу 2021-жылдын 19-июлунда кабыл алынган. Бирок 27-сентябрда президенттин администрациясы Садыр Жапаров каршы пикирин айтып, документти Жогорку Кеңешке кайтарып бергенин кабарлаган. Президент кандай каршы пикир айтканы белгисиз.
Экономикадагы ӨК режиминде минкаб салык режимин, салыктар менен жыйымдардын өлчөмүн өзгөртө алат, мамлекеттик мүлктү башкаруунун эрежелерин жана мамлектеттик мүлктү убактылуу колдонууга берүү эрежелерин бекитет.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз