Президент Ашхабад шаарына барды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда жумушчу сапары менен Түркмөнстандын борбору Ашхабад шаарына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчынын учагы Ахшабад шаарындагы эл аралык аэропортко конду. Анда Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери флагштокторго илинип, килем төшөлүп, ардактуу кароол тизилген.

Жумушчу сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Экономикалык кызматташтык уюмунун 15-саммитине катышат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз