Президент Шевченконун апасына шырдак, машыктыруучусуна жаа белек кылды

Президент Садыр Жапаров UFC чемпиону Валентина Шевченконун апасы Елена Шевченкого шырдак, ал эми машыктыруучусу Павел Федотовго жаа белекке берди. Бул тууралуу спортчунун апасы социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кабарлады.
Кыргызстандын Тайбокс федерациясынын президенти Елена Шевченко «Сонун белек үчүн ыраазычылык» деп өлкө башчынын аккаунтун белгилеген.
Кечээ президент Садыр Жапаров мекенине келген UFC чемпиону Валентина Шевченкону кабыл алып, 1 миллион сомдук сертификат тапшырган.
Машыктыруучусу Павел Федотов менен апасы Елена Шевченкого эстеликке белектер тапшырылганы эле айтылган.
Ал эми Валентина Шевченко Жапаровго кепка, футболка, ошондой эле үстүбүздөгү жылдын сентябрында Лас-Вегастагы UFC 266 беттешинде чемпиондук наамын 6-жолу коргогон өзүнүн мушкерлик мээлейин белек кылган.
Ошондой эле Шевченкого күйөрмандары тараптан Алабай күчүк белекке берилгенин социалдык баракчасына жазып, ага ат коюнуну ойлонуп жатканын билдирген.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз