Орусиянын президенти Владимир Путин май айынын аягында Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форумга катышат. Формат кийинчерээк белгилүү болот, бирок бетме-бет визит жокко чыгарылбайт, деп билдирди шейшембиде Орусиянын мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Дмитрий Песков.
«Биз да жокко чыгарбайбыз, бирок кандай болгон күндө да ал катышат», — деди Кремлдин өкүлү Путин форумга барат же онлайн сүйлөйбү деген суроого жооп берип жатып.
Белгилей кетсек, 2022-жылы Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) төрагалык кылуу Кыргызстанга берилген.
Иш-чара 26-майга өтөт.