Равшан Жээнбековдун тарапташтары Шайлдабекованын кетишин талап кылган акцияга чыгышат

Камакта жаткан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Равшан Женбековдун тарапташтары БШКнын жетекчисинин аракеттерине нааразылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу активист Айсулуу Кудайбердиева журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, алар БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын аракетине канааттанбай, анын кызматтан кетишин талап кылышат.
Акция бүгүн саат 11.00дө БШК имаратынын жанында өтөт.
Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясынын экс-мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Гүлнара Джурабаева Жээнбековдун үгүт иштерин эркин жүргүзүүгө укугу бар деп эсептейт.
«Равшан Жээнбеков талапкер катары катталган жана бул статуста ал үгүт жүргүзүүгө укуктуу. БШК анын укуктарын ишке ашырууну камсыз кылышы керек», — деп жазган ал.
Эске салсак, Равшан Жеенбеков 2019-жылдагы Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинде экс-президент Алмазбек Атамбаев жана башкалар менен бирге айыпталууда. Ал ошондой эле 2020-жылдын октябрь айындагы окуяларда массалык баш аламандыктарды уюштурган деп шектелүүдө.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз