Роза Отунбаева Жеңиш күнүнө арналган эскерүү иш-чарасына катышкан жок

Бүгүн, 9-майда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгына арналган митинг-реквиемге экс-президент Роза Отунбаева катышкан жок.
Ал эми президенттин басма сөз кызматы Роза Отунбаева митинг-реквиемге чакырылганын билдирген.
Экс-президент эмне себептен келбей калганы боюнча комментарий берген эмес.
Митинг-реквием Бишкектин Жеңиш аянтында өтүп, ага президент Садыр Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин жетекчилиги жана мүчөлөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Кыргызстанда аккредиттелген дипломатиялык корпус да чакырылган.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз