Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт

26-ноябрда, Садыр Жапаровдун төрагалыгынын алдында Коопсуздук кеңешинин жыйыны болот. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, анда парламенттик шайлоону өткөрүү маалында коомдук жана эпидемиологиялык коопсуздукту, өлкөнүн экономикалык жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо маселелери талкууланат.

Мындан сырткары, Кыргызстандын Улуттук коопсуздугунун концепциясы карала турганы айтылды.
Иш-чарага Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү катышат. Алар:

▪️Төраганын орун басары — Таалатбек Масадыков;

▪️Коопсуздук кеңешинин катчысы — Марат Иманкулов;

▪️Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттин администрациясынын жетекчиси — Акылбек Жапаров;

▪️Мамлекеттик катчы — Сүйүнбек Касмамбетов;

▪️Башкы прокурор — Курманкул Зулушев;

▪️Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы — Камчыбек Ташиев;

▪️Ички иштер министри — Улан Ниязбеков;

▪️Өзгөчө кырдаалдар министри — Бообек Ажикеев;

▪️Коргоо министри — Бактыбек Бекболотов.

Мындан сырткары, жыйынга Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова, министрлер кабинетинин мүчөлөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана башкалар катышат.

Жыйын КТРКнын, республикалык жана облустук телеканалдардын жана алардын социалдык баракчаларында түз эфирде чагылдырыла турганы кошумчаланды. Түз эфир саат 10:00дө башталат.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз