Садыр Жапаров Стамбулда ири бизнес өкүлдөрү менен жолукту

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиядагы иш сапарынын алкагында ири бизнестердин өкүлдөрү менен жолукту.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Стамбул шаарындагы Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын кеңешине (ТМКК) мүчө өлкөлөрдүн башчыларынын саммитине катышууда.

Президенттин маалымат кызматынан билдиргендей, Жапаров түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга активдүү инвестиция салууга чакырды. Ал инвесторлорду колдоо жана укуктарын коргоо боюнча чаралар көрүлүп, чет элдик ишкерлер үчүн жагымдуу шарттар жана алардын демилгелери менен долбоорлорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүлөрүн билдирген.

Жапаров Кыргызстан түркиялык инвесторлордун Евразиялык экономикалык биримдигинин, Кытай менен башка коңшу өлкөлөрдүн рыногуна чыгуусу үчүн «терезе» болуп бере аларын белгилеп өткөн.

«Биз өлкөбүзгө болгон ишенимди арттыруу менен инвесторлорду тартууга багытталган чечкиндүү чараларды көрүп жатабыз, ачык бизнес жана инвестициялык климатты түзүүгө умтулабыз. Бул Кыргызстандын маанилүү артыкчылыктуу багыттарынын бири», — деген Жапаров.

Ал эми Кыргыз-Түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы, Түркиянын тышкы экономикалык байланыштар боюнча кеңешинин башкармалыгынын төрагасы Айдын Мыстачоглу жолугушууга түркиялык ири компаниялардын өкүлдөрү чогулганын билдирди.

Анын айтымында, үстүбүздөгү жыл ичинде Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы товар айлантуу 2020-жылга караганда көбөйгөн.

«Биз өлкөлөрүбүздүн ортосундагы товар айлантууну жаңы деңгээлге чыгаруу ниетиндебиз», — деген Мыстачоглу.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушууга Түркиянын кен казуу, курулуш, энергетика, маалыматтык технологиялар, жеңил өнөр жай, ошондой эле саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз