«Сомо» компаниясы жабылды

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өзүн күрөөкана деп атаган «Сомо» компаниясынын бардык филиал жана өкүлчүлүктөрүн Кыргызстандын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жабуу тууралуу буйрук берди. Мындай буйрук Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповдун тапшырмасынын негизинде болгонун аталган мекемеден билдиришти. Мунун алдында, 1-октябрда Улукбек Марипов менен финкөзөмөл кызматынын төрагасы Арзыбек Кожошев «Сомонун» ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйын өткөргөн.

Финкөзөмөл кызматы тараткан маалыматка караганда, күрөөкана иштетүү үчүн берилген лицензиялардын реестринде «Сомонун» каттоодон өткөн филиалы жок болуп чыккан. Аталган мекеменин банктык эмес финансылык рынокту көзөмөлдөө бөлүмүнө компаниянын ишмердүүлүгүн пландан тышкары текшерүүнү тездетүү тапшырмасы берилди.

Буга чейин 15 мүнөттө насыя алууга азгырган, өзүн ломбард атаган «Сомо» компаниясынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн журналист Али Токтакуновдун “МедиаХабы” иликтеп чыккан.

Анда аталган компаниянын ээси латвиялык бизнесмен экени, Латвиянын өзүндө ишмердүүлүгү чектелгени тууралуу айтылган.

Иликтөөдө сурамжылоого катышкан жүздөн ашуун кишинин басымдуусу “Сомодон” 10 миң сомдун тегерегинде насыя алып, кайтара албай калганын айтышкан. Компания карызды убагында төлөй албагандарга жиберген коркутуп-үркүтүүлөрү сүрөтү менен жарыяланды.

«МедиаХаб» иликтөөнүн жүрүшүндө “Сомонун” негиздөөчүлөрү Латвияда катталган Sun Finance Central Asia жана SIA P3 Capital (жаңы аты Capital KG) аттуу компаниялар экенин аныктаган. Бул эки компания тең латвиялык Айгарс Кесенфелдс аттуу адамга таандык болуп чыккан.

Быйыл февралда RE:Baltica иликтөө борбору Кесендфелдс тууралуу кенен материал жарыялаган. Анда дүйнөнүн 20га чукул өлкөсүндө Кесенфелдс жалгыз же өнөктөштөрү менен 150 компанияга ээлик кылары жазылган

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз