Сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, өзүнө кол салган жигит ооруканада каза болду

Бишкекте сүйлөшкөн кызын өлтүрүп, өзүнө кол салган адам ооруканада каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазышууда.

«Шектүү 4-май күнү сүйлөшкөн кызына келип, кызганычтан улам мойнуна бычак менен сайып салган. Андан соң ашканага кирип, өзүнүн тамагын кескен. Кыз бир канча убакыт тирүү болгон, бирок алган жаратынан ооруканага жетпей каза болуп калган. Ал эми жигитти милиция таап, оор абалда ооруканага жаткырылган. Шектүү кечээ эсине келбей ооруканада каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча кылмыш иши шектүүнүн өлүмүнө байланыштуу токтотулат», — деп билдиришти редакциядан.
Эске салсак, 4-майда милицияга Чүй проспектисиндеги көп кабаттуу үйдүн батирлеринин биринде жигит кызды өлтүрүп салганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерден милиция кызматкерлери тарабынан 25 жаштагы Ч.Д. кармалып, кызганычтан улам 25 жаштагы Д.А. өлтүрүп салганын мойнуна алган. Анан соң өзүнө кол салган.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз