Тазабек Икрамов бир мандаттуу округдан шайлоого катышат

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов бир мандаттуу округдар боюнча парламенттик шайлоого катышуу үчүн документтерин тапшырды. Бул тууралуу БШК билдирди.
Ал Жалал-Абад облусундагы No13 Сузак шайлоо округунан ат салышууга ниеттенүүдө.
Белгилей кетсек, Икрамов алтынчы чакырылышта «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын тизмеси боюнча өткөн. Эки жылдан кийин тартип бузгандыгы үчүн фракциядан чыгарылган.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлер каттоо үчүн документтерди шайлоо күнүнө 40 календардык күндөн кечиктирбестен, башкача айтканда
18-октябрда саат 18: 00гө чейин БШКга тапшырышы керек.

Жогорку Кеңешке шайлоо 28 -ноябрга белгиленген. Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир округда, 36 депутат бир мандаттуу округдарда мажоритардык система боюнча шайланат

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз