Талант Мамытов Сердар Бердымухамедов жана Гурбагулы Бердымухаммедов менен жолугушту

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов менен Түркмөнстандын Эл Маслахаты Милли Генгешинин Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедовдун эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тараптар ар тараптуу байланыштарды бекемдөө, анын ичинде парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Талант Мамытов Түркмөнстанга Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Россия Федерациясынын Биринчи Парламенттер аралык форумуна катышууга чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул форум региондогу мамлекеттер ортосундагы парламенттер аралык байланыштарды бекемдейт деген ишенимин билдирди.
“Быйыл Кыргызстан менен Түркмөнстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толот. Биз 30 жылдан бери түзүлгөн кызматташтыкты жогору баалайбыз жана достук жана бир туугандык мамилелердин мындан ары жигердүү өнүгүшүнө кызыкдарбыз», — деген Мамытов.
Мындан тышкары, ал эки мамлекеттин ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. «Жогорку Кеңеш 2022-жылдын июнь айында Кыргыз Республикасында Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйынын өткөрүүгө ниеттенүүдө. Мына ушуга байланыштуу Түркмөнстандын парламентинин делегациясын да бул иш-чарада ардактуу мейман катары көрүүгө абдан кубанычтабыз. Ошондой эле депутаттык достук топторунун өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү зарыл», — деп баса белгиледи Мамытов.
 Өз кезегинде Гурбангулы Бердымухамедов президент Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга былтыркы сапарын эске салып, анда маанилүү багыттар боюнча келишимдерге кол коюлганын белгиледи. Анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча келишимдерге токтолду. Г.Бердымухамедов ошондой эле Кыргызстандын элине жана Кыргыз Республикасынын Президентине салам айтты.
Белгилей кетсек, Талант Мамытов баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин делегациясы Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өтүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россия Федерациясынын Биринчи Парламенттер аралык форумуна катышууда. Кыргызстандын парламенттик делегациясынын курамында Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, депутаттар Миргүл Темирбаева, Алишер Козуев жана Максатбек Сарбагышев бар.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз