Таттыбүбү Турсунбаеванын образын чагылдырган жаңы бюст жаралды

Скульптор Тамила Маматова кыргыз киносуну жүзү, эмгек сиңирген артист, актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун жасады. Бул тууралуу скульптор өзүнүн фейсбук баракчасында бөлүшүп, чыгармачылыгын жарыялаган.
Анын айтымында, бул бюст чоподон жасалган. Аны скульптор досторунун өтүнүчү менен жараткан.
«Азыр бош убактым көбүрөөк болуп, мен көптөн бери каалаган нерсем менен алектенүүнү чечтим, айрыкча тааныштарым да суранып, кызыгып жаткандыктан Таттыбүбү Турсунбаеванын чоподон жасалган образы кандай болорун көргүм келген. Анын канчалык таланттуу, жаркын адам экенин, сулуулугун көрсөтүүгө аракет кылдым. Мен анын сүрөттөрүнүн бирин үлгү катары алдым”- дейт Маматова.
Ал Таттыбүбү Турсунбаева бул дүйнөдөн өмүрүнүн эң сонун чагында кеткенин айтат.
“Иштегениме бир айга жакын убакыт кетти, бул мен үчүн ырахат болду. Бюст менин студиямда болот, балким, кээ бир театрлар кызыгып калышы мүмкүн», — деген ал.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз