Ташиев: “ Исаковдун сүйлөп турганы өзүнүн ден- соолугуна жакшы”

«Исмаил Исаковдун сүйлөп турганы өзүнүн ден-соолугуна жакшы», — деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 27-июлда жергиликтүү маалымат каражаттарынын бирине.

Жеке мен буга окшогон сын пикирлерге терикпей деле калдым. Ошентсе да, белгилеп коёюн, кандай гана сын пикир болбосун, мыйзам чегинде айтылса, жакшы көрүнүш, бул жумушубуздун алдыга жылышына өбөлгө болот, колдойм.
Кандай гана сын болбосун, ал тийиштүү, өз орду менен айтылса, кабыл алабыз, ошого жараша жумушубузду оңдойбуз. Бирок, ошол эле кезде ал сөздөр коомдук саясий кырдаалды курчутууга, б.а. бузукулук максатында айтыла турган болсо, буга мыйзам алдында жооп берип калуусу мүмкүн экендигин эскертем.
Жеке Исмаил Исаков боюнча айта турган болсом, анын ушинтип кез кезде сүйлөп турганы өзүнүн ден-соолугуна пайдалуу. Ансыз деле жашы бир топко барып, элибиздин аксакалы болуп калбадыбы…
Бирок, ал ар бир айтылган сөзү үчүн мыйзам алдында жооп берет. Азы жөн гана элди удургутуп, сүйлөп коюп, басып кете бере тургандай заман жок.”
-деген Ташиев.

Эске салсак, Генерал Исмаил Исаков учурдагы бийликке каршы пикирин билдирип маек берген. Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Исмаил Исаков учурда бир топ саясатчылардан турган оппозициялык кыймылдын мүчөсү.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз