Ташиев: Укук коргоо органдарына 100гө жакын жаңы унаалар алынды

Жакынкы арада УКМКнын Ноокат жана Кара-Көл облустары боюнча бөлүмдөрүнүн жаңы имараттары ачылат. Бул тууралуу 24-ноябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев Ат-Башы районундагы УКМКнын имаратынын ачылышында билдирди.
Анын айтымында, УКМКнын Жумгал районундагы имаратында да курулуш иштери башталды. Ал келерки жылы бүткөрүлүп, ачылат.
«Бүткүл Кыргызстан боюнча УКМКнын кызматкерлерине жашоого жана иштөөгө шарт түзөбүз. Бул учүн бизге эки жыл талап кылынат. Кудай буюрса, бир жылдан бери ушундай иштерди бүтүрдүк. Мунун баары эмне үчүн жасалып жатат? Иштегенге, жашоого шарт жок болсо, кызматкер канчалык аракет кылбасын, анын ишинин натыйжасы талаптагыдай болбой калышы мүмкүн экенин өзүңүздөр жакшы билесиздер.
Ошондуктан материалдык-техникалык базаны жакшыртуунун үстүндө иштеп жатабыз, 100гө жакын жаңы техника алып келдик. Бул унаалар колдон сатылып алынган эмес, базардан эмес, заводдордон өндүрүүчүлөрдөн алынган», — деди Ташиев.
УКМКнын Нарын облусу боюнча имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөндүгүн УКМКнын басма сөз кызматы билдирди. Алдыңкы бөлүгү да жаңыланып, спорт зал пайдаланууга берилди.
АКИpress агенттиги мамлекет башчынын тапшырмасы менен УКМКнын Чек ара кызматынын өздүк курамын чыңдоо жана өлкөнүн мамлекеттик чек арасын бекемдөө максатында 40 даана брондолгон аскердик техника алынганын жазып чыккан. Камчыбек Ташиев айткандай, жабдуулар Дубайдан алынып келинген.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз