Тенгиз Бөлтүрүккө асылып упай топтогон популисттер

Соңку кездерде Парламенттик трибунада айрым эл өкүлдөрү тарабынан популисттик билдирүүлөр байма-бай жаңырууда. Анын бири “Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдингинин башчысы Теңгиз Бөлтүрүккө карата айтылган ач кыйкырыктар.
Жогорку Кеңеш Теңгиз Бөлтүрүктүн аткарып жаткан ишине, мамлекетке алып келүүчү пайдасына көңүл бурбай эле, анын инсандык дарамаетине чейин кийлигишүү менен өзүнө упай топтоп жаткандай.
Биздин депутаттарга аткарылган иш эмес эле, мамлекеттик кызматкердин ичкен-жегени, баскан-турганы, ким менен кайсы жерде чай ичишкени эле маанилүү болуп калды беле? Качанкыга чейин эле бири-бирибизди аңдып, артка тартып жүрө беребиз?
“Улуу көчмөндөрдүн мурасы” улуттук холдинги жаңы гана түптөлүп, эл аралык тажрыйбаны колдонуу менен Кыргызстандын тоо-кен тармагын реформалоо, өнүктүрүү максатында түзүлгөн.
Тоо-кен иштетүүдө эл аралык чоң тажрыйбага ээ адис Теңгиз Бөлтүрүктүн аталган холдингди жетектеши албетте өлкөнүн эл аралык деңгээлге чыгышына үмүт арттырат. Анткени Теңгиз Бөлтүрүк 33 жылдан ашык убакыттан бери тоо-кен тармагында эмгектенип, 13 мамлекетте 18 тоо-кен тармагындагы ири долбоорлорду жетектеген.
Ал эми анын отурган жери эле депутаттарды тынчсыздандырып жаткан болсо, улуттук холдингдин ичинде ондогон компания иш алып барат. Жана иштин негизги багыты чет өлкөлүк инверторлор менен болгондуктан, албетте имараттын шарты чоң мааниге ээ. Эшигин көрүп, төрүнө өт-, дегендей сырттан келген адамды тосуп алууда өлкөбүздүн деңгээлин жыртык-тешик имарат менен көрсөтүп отурмак белек?
Ошондуктан популисттик кыйкырыктар менен эле бирөөнү каралай бербей, арканды алыс таштап, элдин башын айлантпасак жакшы болор эле..

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз