ТИМ Казакстанда Кыргызстандын дагы 5 жараны кармалып турганын билдирди

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстандын компетенттүү органдары Кыргызстандын беш жаранын кармаганы боюнча маалымат таратты . Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирген.
Бул маселе боюнча казак тарап менен тийиштүү иш жүргүзүлүп жатканы айтылды. Беш жаран боюнча маалымат 9-январга карата алынган.

«Министрлик мекенине кайткысы келген кыргызстандыктарга колдоо көрсөтүү боюнча ишин улантып жатат. Элчилик Нур-Султан, Актөбө, Атырау, Актау, Кустанай, Кокчетау, Петропавловск, Павлодар жана Караганда шаарларындагы кыргызстандыктар менен байланышта», — деп айтылат маалыматта.

ТИМ зарыл болгон учурда кыргызстандыктар Алматыдагы башкы консулдукка төмөнкү номерлер боюнча кайрылса болорун эске салды:

+7 (777) 815-00-72, Кайрат Жакыпов;

+7 (777) 037-14-48, Гүлзат Абдурасулова;

+7 (777) 027-55-96, Жаркынай Сансызбаева;

+7 (775) 463-42-95, Медер Сапаралиев.

ТИМдин Консулдук кызмат департаменти:

+996 (551) 31-20-00 — тынымсыз байланыш;

+996 (555) 00-76-26;

+996 (708) 52-21-37;

+996 (707) 98-98-95;

+996 (709) 98-34-65.

Нур-Султан шаарындагы элчилик:

+7 (776) 124-88-33;

+7 (777) 473-30-09.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз