Токаев: “Элбасынын эмгеги менен өлкөдө абдан бай адамдардын катмары пайда болду”

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн парламенттин жыйынында премьер-министрликке талапкерлерди карап жатып, «Биринчи мамлекет башчысына, Элбасына рахмат. Эл аралык стандарттар боюнча өлкөдө абдан кирешелүү компаниялар жана бай адамдардын катмары пайда болду.»-деп билдирди.
Токаевдин айтымында, Казакстан Республикасынын элине сый-урмат көрсөтүү жана аларга системалуу жана үзгүлтүксүз жардам көрсөтүү мезгили келди.
«Өкмөт ишканалардын ассортиментин аныктап, алар менен фондго жылдык чегерүүлөрдүн көлөмүн макулдашуусу керек. Мындан тышкары, мен чындыгында чоң каражаты бар, көмүскөдө жүргөн адамдардын активдүү катышуусун күтөм», — деди ал.
Касым-Жомарт Токаев ошондой эле «Самрук-Казына» фондуна жана анын бардык түзүмдүк бөлүмдөрүнө аудит жүргүзүүнү, мамлекеттик сатып алуулардын жол-жобосун кайра карап чыгууну тапшырды. Эгерде фондду реформалоо мүмкүн болбосо, анда өлкө экономикасы ансыз жакшыраак болот, деп кошумчалады президент.
Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз