Тоолуу Бадахшанда 8 киши каза болду, 11и жаракат алды

Тоолуу Бадахшан автономдуу облусундагы Рушан районунда сегиз киши набыт болду, 11 киши жараат алды жана 70тен ашууну кармалды. Бул тууралуу 18-майда Тажикстандын Ички иштер министрлиги кабарлады.

Министрлик каза тапкандарды «куралчан топтун мүчөлөрү» деп атады.

«Бир сыйра эскертүү берилгенине карабай кылмыштуу топтун мүчөлөрү куралдарын ыктыярдуу түрдө таштаган жок жана конституциялык түзүлүшкө каршы жүрүштөрүн улантып жатышты. Соңунда алар террордук мүнөздөгү аракеттерге өтүштү. Жарандардын коопсуздугун жана коомдук тартипти сактоо максатында укук коргоо органдары антитеррордук операция баштады. Анын натыйжасында террордук топтун 8 жоочусу жок кылынды, 11и жарадар болуп, 70и кармалды. Жабыркагандар арасында жергиликтүү тургундар жок экенин белгилейбиз», — деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Бийлик бир офицер окко учканын, 13 аскер жараат алганын кошумчалады.

Аймак менен байланыш жок болгондуктан, маалыматты бышыктоо же чоо-жайын билүү мүмкүн эмес.

Байланыш үзүлө электе жергиликтүү тургундар Рушанда эч кандай куралчан топтор болбогонун, атышууда карапайым кишилер мерт кеткенин «Озоди» радиосуна билдиришкен. Алардын айрымдары атайын операциянын жүрүшүндө ондон ашык жергиликтүү тургун окко учканын, бир тобу жараат алганын айтып беришти.

«17-майда уюшулган кылмыш тобунун мүчөлөрү коомдук-саясий кырдаалды дестабилдештирүү максатында Дүйшөмбү-Кулма эл аралык автожолунун участогун мыйзамсыз бууп салышты», — деп билдирген Ички иштер министрлиги.

Мекеме ал окуяга «чет өлкөлүк күчтөр аралашканын, курал-жарак сырт жактардагы уюмдардан алынганын, теракттарды, чагымчыл аракеттерди жасоо үчүн согушкерлер жалданганын» кошумчалады. Ал кайсы уюмдар экени такталган жок.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз