УКМК «Авангард-Строй» ишканасынын жетекчисин жана Ат-Башы айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин кармады

Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери жана «Авангард-Строй» курулуш компаниясынын башчысы кармалды. Мындай маалыматты УКМКнын басма сөз кызматы бүгүн, 27-январда таратты.

Расмий маалымат боюнча, УКМК мамлекеттик бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын, анын ичинде социалдык билим берүү объектилерин каржылоону жана курууну көзөмөлдөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.

«2022-жылдын 26-январында сотко чейинки өндүрүштүн негизинде Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Ат-Башы районунун Ат-Башы айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери “Ч.К.Ч.”, “Ж.Т.Д.” жана “Авангард-Строй” курулуш компаниясынын жетекчиси “Т.Т.С.” кармалды. Аталган мамлекеттик кызматкерлер үчүнчү жактардын кызыкчылыгын көздөп, курулуш иштерин бүтүргөнү тууралуу тиешелүү тастыктоочу документтери жок эле, аталган жеке уюмдун эсебине 20 607 669 сомду негизсиз которгону аныкталды.

Тиешелүү компетенттүү мамлекеттик органдардын орутундусуна ылайык, мамлекеттин финансылык кызыкчылыгына 13 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Шектүүлөр Нарын ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда мыйзамдардын алкагында тиешелүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз