УКМК: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 28-январь, саат 08.00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагында абал туруктуу экенин кабарлады.

Түн тынч өттү. Баткендин Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной жерликтериндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Такталган маалыматтар боюнча, Төрт-Көчө жерлигиндеги Баткен-Исфана автожолу Тажикстандын жарандары тарабынан жабылып, Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында саат 19:30да жол каттамы ачылган.

Бирок кайра эле саат 19:35тер чамасында кырдаал курчуп, тажик тарап Баткен районунун Чыр-Дөбө жерлигинде УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара тарамдарын көздөй ок чыгарышкан.

Кыргызстандын Баткен жана Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери баштаган расмий делегациялардын сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында чек арадагы атышууну толук токтотуу тууралуу макулдашышкан.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз