Украинада дагы бир кыргызстандык каза болду. Бул тууралуу «МК» басылмасы Сахалин облусунун губернатору Валерий Лимаренкого шилтеме берүү менен билдирди.
Маалыматка караганда, 18-майда Южно-Сахалинск шаарында гвардиялык жоокер Сыргакбек Өзүбеков согушта баатырларча курман болгон. Ал үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты.
Валерий Лимаренко аскер кызматкеринин үй-бүлөсүнө керектүү жардам көрсөтүлөрүн белгиледи.
Фейсбук колдонуучусу Мээрим Дөөлөтбекова Сыргакбек Өзүбеков досторунун уулу экенин белгиледи. Анын айтымында, сөөк Кыргызстанга жөнөтүлө элек.
Ал эми Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз.
Буга чейин Украинадагы согуштук аракеттерде Кыргызстандын үч жараны: Эгемберди Дорбоев, Рустам Зарифуллин жана Исламжон Камилов набыт болгон


