Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов отставкага кетти

Улуттук банктын башчысы Толкунбек Абдыгулов кызматынан кетип жатат. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКлар өз булактарына таянып жазып чыкты.
Чечимин бүгүн Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында расмий жарыялайт деп күтүлүүдө.
Улуттук банктын басма сөз кызматы башчынын отставкасы боюнча комментарий бере элек. Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева кечээ жана бүгүн Толкунбек Абдыгулов жумуш ордунда болгонун белгиледи.
Улуттук банк жөнүндөгү мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы жеке арызы боюнча отставкага кете алат, бирок анын отставкасы Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынат.
Улуттук банктын төрагалыгына бир нече талапкерлердин ысымы аталууда. Алардын бири Кубанычбек Бөкөнтаев.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз