Чек ара: Баткендин 6 айылы жарыксыз калды

Баткен районундагы алты айыл электр жарыгы жок калды. Бул тууралуу «Ошэлектро» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн, 27-январдын кечинде тажиктердин ок атуусунан Баткен РЭТинде 35/10 кВ Самаркандек көмөкчү чордонунан чыккан 10 кВ Орто-Боз линиясы кыйылып түштү. Бул линиядан электр энергиясын алган Ак-Сай, Көк-Таш,Орто-Боз, Жаңы-Бак, Таш-Тумшук, Көк-Терек айылдары жарыксыз калды.

Чек арадагы кырдаалга байланыштуу оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк жок. Абал тынчыганда Баткен РЭТинин кызматкерлери линияны улап беришерин кабарлады.

Калган аймактарда жарыктын өчүүсү катталган эмес. Бардык райондор «Ошэлектро» ишканасынын көзөмөлүндө турат. Баткен облусунун электриктери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз