Чек ара: Кыгызстандын 11 аскери жарадар болду

Кыргыз-тажик чек арасындагы чырдын кесепетинен 11 кыргыз аскери жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, төрт адам сынган бөлүкчөлөрдөн жараат алса, экөөнө ок тийген.

“Жаракат алгандардын абалдары орточо оор деп бааланууда”, — деп айтылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, Ош облустук бириккен ооруканасынан нейрохирург, травматолог, хирург жана торакалдык хирургдардан турган медициналык адистердин эки бригадасы медициналык жардам көрсөтүү үчүн жөнөп кетти.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз