Баткен облусунда чек ара чырына байланыштуу 11 миң 52 жаран куткарылды. ӨКМдин 28-январдагы маалыматы боюнча, аларын ичинен 10 миң 410 адам коопсуз райондорго жеткирилсе, 642 жаран убактылуу пункттарга жайгашкан.
Маалыматка таянсак, Баткен районундагы Орто-Боз, Жака-Өрүк, Үч-Дөбө, Ак-Татыр, Самаркандек, Ак-Сай жана Таш-Тумшук айылдарынын 6 миңден ашык тургундары Рават айылына убактылуу жеткирилди.
Ал эми Лейлек районундагы Максат айылынан 400 чакты адам Маргун айылына барса, Интернационал айылынан 1000 адам Кайрагач айылына барды.
Исфана менен Сүлүктүгө да Мурза-Пача, Сада, Ак-Арык жана И.Раззаков айыларынын жашоочулары жайгаштырылган. Мындан тышкары Самаркандек менен Ак-Татырдагы 1000 чакты жашоочу Лейлек, Кара-Суу жана Ак-Теректе болот.
Эвакуацияланган жарандар керектүү каражаттар менен камсыздалып, медициналык көзөмөлгө алынды.