Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Шавкат Мирзиёевге эки жылкы белек кылды

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров социалдык тармактардагы жеке баракчасына 24-июлда 65 жашын белгилеген Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевди куттуктаган видеосун жарыялады.

Өзүнүн видеокайрылуусунда Чеченстандын башчысы Өзбекстандын президентинин жылкыга болгон сүйүүсүн билип, ага эки жылкы берүүнү чечкенин белгилеген.

«Мен өз жарандарынын жыргалчылыгы үчүн жан аябастык менен кызмат кылган Шавкат Миромонович менен жолугуу бактысына ээ болдум. Өзбекстанга болгон визиттин учурунда болуп өткөн биздин маанилүү жолугушуубуз эсимде. Иш сапарымда мен анын саясатынын тууралыгына жеке өзүм ынандым, анткени бул жерлер гүлдөп, Өзбекстандын эл аралык аренадагы бедели жыл сайын күчөп баратат», — деди Рамзан Кадыров.
Кадыров ошондой эле анын атасы, Чечен Республикасынын биринчи президенти, Россиянын Баатыры Ахмат-Хаджи Кадыровдун жаркын элесине урмат-сый менен мамиле кылганы үчүн Өзбекстан элине ыраазычылык билдирди.
11:42

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз