Шевченко: Кыргызстан менин мекеним, өзүмдү мекенимде бактылуу сезем

«Кыргызстан менин мекеним, мен ушул жерде өскөм, биздин өлкө уникалдуу, эли боорукер, кооз жаратылыш, тамак-ашы жөнүндө айтпай эле коеун», — дейт UFC чемпиону Валентина Шевченко.
⠀Ошондой эле Шевченко өз мекенинде өзүн бактылуу сезээрин кошумчалады.
Ал келечекте Валентина Шевченко атындагы аралаш мушташ академиясын ачуу зарыл деп эсептейт.
«Бирок азыр мен үчүн негизги артыкчылык профессионал мушкер болуу»- деди ал. Турмушка чыгуутууралуу ар нерсенин өз убагы бар экенин, бирөө 21де, бирөө 40та үй-бүлө кура турганын айтты. ⠀
«Кыз 21 жашында турмушка чыгам десе, бул анын чечими. 40 жашта эле эмес, 60 жашта да турмушка чыгууга болот», — дейт ал.
Негизги атаандашы Аманда Нуньес аны менен мушташуудан качаарын, бирок Валентина дайыма мушташка даяр экенин белгиледи.
⠀»Экинчи беттешибиз анын мыкты формада экенин көрсөттү. UFC бул беттешти кааласа, мен ар дайым даярмын», — деди ал.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз