ЮНЕСКО Садыр Жапаров демилгелеген мөңгүлөрдү сактоо жөнүндө резолюцияны кабыл алды

ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 41-сессиясынын пленардык отурумунда Кыргызстан тарабынан демилгеленген «Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг кылуу жана изилдөө иштерин кеңейтүү» резолюциясы бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Аталган резолюцияны ушул жылдын сентябрында БУУнун Башкы ассамблеясынын 76-сессиясында президент Садыр Жапаров сунуштаган.

Резолюциянын башкы максаты — тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты бекемдөө. Туруктуу өнүгүү жана реализациялоо Күн тартиби – 2030дун принциптеринин негизинде биргелешкен иш аракеттер аркылуу келечек муунга коопсуз жана туруктуу айлана-чөйрөнү камсыздоо.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз