Өзбек Прокуратурасы: Каракалпакстанда 18 киши өлүп, 243 адам жаракат алды

Каракалпакстандын борбору Нукус шаарындагы жапырт башаламандыктардын жыйынтыгында 243 киши, анын ичинде 38 укук коргоо кызматкери жараат алып, 18 адам каза болду. Бул тууралуу 4-июлда Ташкентте өткөн брифинг маалында Өзбекстандын Башкы прокуратурасынын өкүлү билдирди.

Жергиликтүү басылмалар Өзбекстандын Улуттук гвардиясынын басма сөз катчысы Даврон Жуманазаровго шилтеме кылып кабарлагандай, 1-2-июль күндөрү акция учурунда кармалган 516 киши милиция бөлүмдөрүнө жеткирилген. Учурда тергөө амалдары башталып, алардын айрымдары суракка алынып жатса, башкаларына карата административдик чаралар көрүлгөн.

Жуманазаровдун айтымында, 12 автоунаа айып жайга токтотулуп, коменданттык сааттын талаптарын аткарбаган 58 киши кармалды. Алардын 28ине карата «Өзгөчө абал режиминин талаптарын бузуу» беренеси боюнча административдик протоколдор түзүлүп, калгандары профилактикалык маектешүүдөн кийин үйлөрүнө кое берилген.

Нукус шаарында 1-2-июль күндөрү болгон акциялардан кийин ооруканаларга 243 киши кайрылган. Алардын 149уна биринчи жардам көрсөтүлүп, үйдө дарыланууга уруксат берилген. Бүгүнкү күндө ооруканада 94 бейтап дарыланууда. Алардын айрымдары өтө оор абалда экени, арасында укук коргоо органдарынын кызматкерлери да бар экени кабарланды.

Каракалпакстанда 3-июлдан тарта өзгөчө абал режими жана 21:00дөн 7:00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Пост Бөлүшү

Share on facebook
Share on twitter
Share on telegram
Share on whatsapp
Share on odnoklassniki

Реклама

Окшош посттор

Биздин каналга катталыныз