Бишкекте саат 23:00дөн кийинки чектөөлөр алынды

Бишкекте коомдук тамактануучу жайлардын иштөөсүнө коюлган чектөөлөр алып салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн, 21-июнда Бишкектин мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов рестораторлор менен жолуккан. «Бактыбек Кудайбергенов шаардык эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиясына мурда кабыл алынган чечимди кайра карап чыгуу жөнүндө сунуш киргизди«,- деп айтылат маалыматта. Жыйынтыгында, комиссия чектөөнү алып салган. Бирок ар бир тамактануучу жайдын ээлери санитардык-эпидемиологиялык […]

Ала-Букада кыргыз-өзбек кызматташуу соода-логистикалык борбору курула баштады

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Ак-Коргон айыл аймагындагы Баястан айылында “Бай-Талаа” ири соода-логистикалык борбордун курулушу башталды. Ал Өзбекстандын Наманган облусу менен Кыргызстандын Жалал-Абад облустарынын ортосунда түзүлгөн кызматташуу жол картасынын алкагында ишке ашууда. БУл тууралуу министрлер кабинетинин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Аталган соода логистикалык борбордун пайдубалына капсула салуу иш-чарасына Министрлер кабинетинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өлкүлү Абсаттар Сыргабаев, Наманган […]

Ошто УКМКнын кызматкерин өлтүрүп кетишти

20-июнда саат 06:20 чамасында Ош ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын даарыгери, такси аркылуу аталган ооруканага белгисиз жашы 20-25 жаштагы эркек баланын жансыз денеси жеткирилгендиги боюнча билдирген. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти. Факт боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, жансыз денесине […]

«Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашат

Жогорку Кеңештин «Ата Мекен» фракциясы лидери Сайдулла Нышановго ишенбестик көрсөттү. Бул тууралуу парламенттен билдиришти. Маалыматка ылайык, алардын билдирүүсүндө, фракция депутаттары Сайдулла Нышановдун ишине жана жүргүзгөн саясатына каршы чыгышты. Фракциянын жаңы лидери ким болору азырынча белгисиз.

ЖРТнын жыйынтыгында эң жогорку балл 232 болду

2020-2021 окуу жылы үчүн өткөрүлгөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду. Бул жылы эң жогорку 232 баллды Караколдогу Х.Карасаев атындагы Ысык-Көл лицейинин («Сапат» билим берүү мекемелерине таандык) окуучусу Жайдар Нургазиев алды. Ал эми экинчи тизмеде Бишкек шаарындагы №26 гимназия-комплексинин окуучусу Алия Сарыгулова 231 балл, үчүнчү орунду  Талас районундагы Жумагул уулу Алымкул атындагы мектептин окуучусу Сымбат […]

Жаан жаайт. 22-июнга карата аба ырайы

22-июнда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын жана Талас облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаайт, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында түнкүсүн жаан жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Айрым райондордо жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин […]

Аскер кызматкерлери жеңилдиктерден ажыратылып, митингке чыгышты

21-июнда эски аянтта 1992-1999-жылдары тажик-афган чек арасында кызмат өтөгөн тынчтык орнотуучу аскер кызматкерлеринин тынчтык митинги өтүп жатат. Алардын саны 30га жакын. Аскер кызматкерлери армияга жеңилдиктерди кайтарып берүүнү талап кылышууда. Алардын айтымында, 1992-жылы ооган аскерлеринин жеңилдиктерине барабар жеңилдиктер берилген. Ал эми 2006-жылы алар ушул жеңилдиктерден ажыратылган.«2006-жылы 16-майда Феликс Куловдун өкмөтү ардагерлерди жөлөк пулдан ажыратуу жөнүндө чечим […]

Таласта уулунун өз көзүнчө сабалганын көргөн ата каза болду

Талас районунда ооруканага 58 жаштагы кишинин жансыз денесин алып келишкен, кийин бул иштин алкагында 3 жаран кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.Облустук милициянын маалыматы боюнча, 19-июнь күнү саат 05:20 чамасында Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан билдирүү түшкөн. Алар Чымгент (Чолпонбай) айылынын 1963-жылы туулган тургунунун жансыз денесин […]

«Кыргызфильм»: Оюн жана даректүү тасмаларга киносценарийлер кабыл алынат

Төлөмүш Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясы 2022-жылга карата оюн жана даректүү тасмаларга киносценарий жана сценардык билдирмелерди кабыл алат. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематография департаментинен билдиришти. Кабыл алуу 2021-жылдын 30-сентябрында аяктайт. Киносценардык билдирмеде төмөнкүлөр камтылат: -жанр; -хронометраж; -логлайн; -синопсис; -автордун аты-жөнү жана байланыш үчүн телефон номери/электрондук почта. Сценарийлер Кыргызстандын конституциялык мыйзамдарына каршы келбеши керек. Сценардык билдирмелер жана сценарийлер […]

Республикалык айтышта Идирис Айтбаев баш байгени жеңди

20-июнда КРнын жана СССРдин эл артисти, Казакстандын калк артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, залкар төкмө акын Эстебес Турсуналиевдин 90 жылдыгына жана «Айтыш» коомдук фондунун 20 жылдыгына арналган республикалык айтыш өттү.Айтыштын тандоо туру кечээ, 19-июнда «Манас» кинотеатрында өткөн. Ага 48 акын катышып, алардын ичинен эң жогорку упай алган 12 акын айтышка жолдомо алышкан. Бүгүнкү айтышта […]