42 жаштагы киши чогуу жашаган аялды баласы менен бычактап салган

Орусиянын Кемерово облусунда 33 жаштагы аял менен анын 8 жаштагы баласын бачактап өлтүрүүгө шектлип 42 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу Орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты. Маалыматка караганда, 23-июнда шектүү 33 жаштагы бирге жашаган 33 жаштагы аялдын үйүнө келип, эшигин тарсылдатып уруп баштаган. Анын 59 жаштагы апасы эшикти ачканда, шектүү бачак шилтеген. Жабырлануучу коңшуларынан жардам сурап чуркаган. Ошол […]

26-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 26-июнда түнкүсүн Чүй өрөөнүнүн көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймагында жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан жаайт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 21…29; Талас облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28; Ош, Жалал-Абад, Баткен […]

А.Жапаров: Вакцина албагандарга айлык бербеш керек (Видео)

Вакцина албагандарга айлык бербеш керек. Мындай сунушун экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров билдирди. Анын айтымында, азыр мамлекеттин бюджетинен 300 миңден ашык кызматкерлер айлык алып иштешет. Кыргызстанда 25-июнга карата коронавирус дагы 875 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

«ЫСЫК-КӨЛ» АЭРОПОРТУ ОШТОН КЕЛГЕН АЛГАЧКЫ КАТТАМДЫ ТОСУП АЛДЫ. СҮРӨТ

«Ысык-Көл» эл аралык аэропорту ушул жылдын эсебинен Кыргызстандын түштүгүнөн келген алгачкы каттамды тосуп алды. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аба майданынан билдиришти.  TezJet авиакомпаниясы RG 85 учагы менен Ош — Тамчы багыты боюнча 105 жүргүнчүнү алып келген. Алардын арасында 12 бала бар. Ал эми Тамчыдан Ошко 88 жүргүнчү (13ү бала) учуп кетти. Туруктуу каттам жумасына […]

Күйөөсү туулган күнүндө аялын өрттөп жиберди

Якутияда жолдошу мас абалында аялына мончодо бензин чачып, өрттөп жиберген. Бул тууралуу Саха Республикасынын Тергөө комитетинин башкармалыгынын сайтында маалымдалды. “21-мартта айыпталуучу достору жана аялы менен туулган күнүн белгилеп жатканда ичип алган. Ал аялы менен уруша кетип, мончодон гараж тарапка барып, бензин куюлган идишти алып, кайра мончого келип аялына бензин чачып өрттөп жиберген”, — делет билдирүүдө. […]

Азык-түлүк жана дан эгиндерин экспорттоого тыюу салынды

Улукбек Марипов министрлер кабинетинин кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу боюнча маселелер каралды.  Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Кабинеттин башчысы азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кабыл алынган чечимдерди жарыялады.  “Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкары айрым айыл чарба продукцияларын экспорттоого тыюу салынууда.  Кеп буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана тооктун жумурткасы жөнүндө […]

Абитуриенттерди окууга кабыл алуу онлайн режимде жүрөт

Коронавирус коркунучунан улам, абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кабыл алуу быйыл да онлайн режиминде болот. Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүровдун айтымында министрликте атайын портал түзүлүп, мектеп бүтүрүүчүлөрү документтерин электрондук негизде каттоодон өткөрөт. “Бүтүрүүчүлөр www.2020.edu.gov.kg сайтындагы “Абитуриент онлайн” бөлүмүнө билдирүү калтырышы керек. Сайтта жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн онлайн-каттоо боюнча бардык маалыматтар камтылган”, […]

АКС жоюлса Камчыбек Ташиев таасиринен кол жууйбу?

Коррупцияга каршы кызмат УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин карамагындагы эң маанилүү кызматтардын бири эле. Бирок президент Садыр Жапаров АКС бүгүн — эртең жоюларын билдирди. Саясат талдоочу Мусуркул Кабылбеков бул окуяга төмөндөгүдөй талдоосун берди: «Коррупцияга каршы кызмат УКМКнын колундагы саясатчыларга жана бизнеске басым көрсөтүүнүн эң кубаттуу куралы эле. Камчыбек Ташиевдин колунда мындай куралдын болушу анын абдан таасирдүү […]

ӨКМ: Ысык-Көлдө жолго жатып алган жаранды унаа тебелеп кетти

Ысык-Көл облусунда кичи автобус жолдо жаткан адамды тебелеп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти. «Тоң районунун Тогуз-Булак айылында 1965-жылы туулган М.А. аттуу жаран жолго жатып алган, ошол учурда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу аталган жаранды тебелеп токтогон. Ал эми жабырлануучу алган жаракаттарынан улам каза болгон.Жерине 5 куткаруучу тартылып, унаанын астынан маркумдун жансыз денесин чыгарышып, ИИМдин […]

Темирлан Султанбеков Жапаровдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды

“Социал демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбеков экономика жанан финансы министри Акылбек Жапаровдун үстүнөн Башкы прокурутаруга арыз жазды. Султанбеков арызын Улуттук коопсуздук комитетине, Ички иштер министрлигине жана президент Садыр Жапаровго дагы жолдогон. Анын айтымында, Акылбек Жапаров жана аялы Анара Жапарованын фирмаларынын төккөн салыгын текшерүү керек. Ал жоюлуп кеткен Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы өткөн жылы Анара […]