Өмүрбек Текебаев: «Садыр Жапаровго аябай кыйын»

Саясатта оппозициялык көз карашты кармап келген «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев азыркы кырдаалда мамлекетти башкаруу Садыр Жапаровго кыйын болуп жатканын билдирди.«Азыр ал үчүн кыйын болсо керек деп айта алам. Президенттин кызматын ээлей турган адам мындан көп кыйынчылыктарга туш болмок” – деп билдирген Текебаев.

Эртең Назарбаев менен Путин Москвада кездешет

Эртең, 30-июнда Казакстандын тунгуч президенти — элбашы Нурсултан Назарбаев Орусиянын президенти Владимир Путин менен Москвада кездешет. Бул тууралуу Назарбаевдин маалымат катчысы Айдос Үкүбай Twitter баракчасына жазды. «30-июнда Москвада Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаев менен Орусия президенти Владимир Путиндин кездешүүсү өтөт. Сүйлөшүү учурунда ЕАЭБдин андан ары өнүктүрүү боюнча болочок пландар жана учурда актуалдуу болуп жаткан аймактар аралык маселелер […]

30-июнга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 30-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 15…20, күндүз 32…37; Талас облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29; Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн 18…23, күндүз […]

Жапаров: Чек ара жаңжалы эки өлкө үчүн сыноо болду

Дүйшөмбүдө бүгүн, 29-июнда кыргыз-тажик президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон көзмө-көз, тар чөйрөдө жолугушуп жатат. Анда Жапаров чек арадагы соңку куралдуу жаңжал эки өлкөнү сынаган окуя болгонун, мындан ары кайталанышына жол берилбеши керектигин айтты. “Келечекте эки тарап тең куралдуу кагылышуунун кайталанышына жол бербеши керектигин өзгөчө белгилегим келет. Кыргызстан менен Тажикстандын элдери илгертен бери бир тууган […]

Депутаттар ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 5 жылдан 15 жылга чейин узартуу демилгесин сунуштады

Депутаттар ипотекалык насыяны төлөө мөөнөтүн 5 жылдан 15 жылга чейин узартуу демилгесин сунуштады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитети «Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар Аалы Карашев менен Айнура Осмонова. Демилгечилердин берген маалыматына караганда, […]

Бишкекте 6 жаштагы бала 11-кабаттан кулап көз жумду

Бишкекте кечээ, алты жаштагы бала көп кабаттуу үйдүн 11-кабатынын терезесинен кулап, ал бүгүн эртең менен көз жумду. Бул тууралуу 24.kg агенттигине борбор калаанын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.Анын айтымында, окуя бир күн мурун Каралаев көчөсүндө саат 20.15 чамасында болгон. No3 шаардык балдар клиникалык ооруканасынын милиция кызматкерлерине «баш мээси чайкалган» жана денесине […]

Автокырсык болгон жерден качкандарды айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу сунушталды

Жол кырсыгы болгон жерден кетип калгандарды айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратуу сунушталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын Жол кайгуул кызматы жана укук колдонуу тажрыйбасы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди. «Эреже бузуулар кодексинде көп кемчиликтер болгон, биз тараптан мыйзамды жакшыртуу боюнча сунуштар айтылган. Маселен, азыркы кодексте жол кырсыгы болгон жерден кетип калгандарга жоопкерчилик […]

Жапаров: Кыргызстан менен Тажикстан чек ара маселесин чечүү жолун табаарына ишенем

Президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 29-июнда Душанбе шаарында тет-а-тет форматында жолугушууда. Өз сөзүндө Эмомали Рахмон Тажикстан Садыр Жапаровдун өлкөгө болгон расмий сапарына өзгөчө маани берерин жана өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты жаратмандык менен өнүктүрүүгө чындап кызыкдар экенин белгиледи. «Тажикстан менен Кыргызстан көп тараптуу негизде конструктивдүү кызматташат, сиздер менен өз ара мамилелерибиздин […]

Садык Шер-Нияз: Францияга элчи болуп кеткеним жөнүндө Таласта жүрүп уктум

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, коомдук ишмер Садык Шер-Нияз кантип Франциянын элчиси болуп калгандыгын түшүндүрүп өзүнүн жеке фейсбук баракчасына жазды. Урматтуу достор, мен Францияга элчиликке ЮНЕСКОго өкүл болуп кеткеним жөнүндө президенттин указын Таласта жүрүп уктум. Президентке ишеним көрсөткөндүгү үчүн кубанычтамын. Силердин куттуктоолорго дагы өзүнчө ыраазычылык. Ошону менен катар кээ бир суроолорго түшүндүрмө берип кетем. 1. Президенттик […]

Чүйдүн суу чарба башкармалыгынын жетекчиси алмашты

Чүй башкы суу чарба башкармалыгынын жетекчиси Руслан Девяткулов кызматынан бошотулду. Бул туурасында Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги билдирди. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Алмазбек Сокеев ал учурдагы кырдаалдан улам өз ыктыяры менен кызматтан кетүүгө арыз жазганын белгиледи. «Ишти жакшы алып кете албай кыйналып калды. Чүйдө суу бөлүштүрүү боюнча дагы нааразычылыктар көбөйүп кетти. Мындан […]