Президент мыкты бүтүрүүчүлөргө «Алтын сертификаттарды» тапшырды (сүрөт)

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-июлда, салтанаттуу аземде билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө «Алтын сертификаттарды» тапшырды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет. Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча республиканын бардык аймактарынан 66 улан-кыз эң жогорку упайга ээ болушту. Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөрдү мектепти жеңиштүү аякташы менен куттуктап, алардын мындан аркы иштерине ийгиликтерди каалады. Садыр Жапаров он жети […]

Василий Дашков «Бикард» клиникасына жаткырылды

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын мурдагы башчысы Василий Дашков «Бикард» жеке клиникасына которулду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине өздүк булактар билдирди. Маалыматка караганда, ал ден-соолугуна байланыштуу УКМКнын СИЗОсунан которулган. Азырынча УКМКнын басма сөз кызматы билдирүү боюнча комментарий бере элек.  Василий Дашков 18-майда УКМК тарабынан кармалган. Анын баш коргоо чарасы ошол эле күнү каралып, соттун чечими менен үй камагына чыгарылган. 8-июнда ал УКМК […]

«Центерранын» директору Кумтөрдүн кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти жана башкы директору Скотт Перри Кумтөр кенинин жумушчуларына ыраазычылыгын билдирди. Ачык кат компаниянын расмий сайтында жарыяланган.«Бул жылдар аралыгында биз көпчүлүк мүмкүн эмес деп ойлогон нерселерди чогуу жасадык. Сиздин жардамыңыз менен биз Кыргыз Республикасында эң мыкты алтын казуучу компанияны жана кыргызстандыктар үчүн миңдеген эмгек акысы жогору жумуш орундарын түздүк. Мен биргеликте […]

Бишкекте доллар менен алтын кымбаттады

Бишкекте өткөн суткага салыштырмалуу доллар менен алтындын баасы көтөрүлдү. Евро бир аз арзандап, күйүүчү май ошол бойдон калды. Акча алмаштыруу жайларында долларды орто эсеп менен 84,6 сомдон (сатып алуу 4 тыйынга, сатуу 5 тыйынга жогорулады), еврону 99,93 (кечээ 101,56 сом болчу) сомдон сатып алууда. Күйүүчү майдын баасы май куюучу жайларда кечээки деңгээлде кармалып турат. «Роснефть»: […]

Абдиев: «Айып пулдун өлчөмү 70 пайызга кыскарат»

Жогорку Кеңеш жыйынында Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, экинчи жана учунчу окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев мыйзам долбоору жол кыймылынын айрым эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пулдун көлөмүн азайтуу максатында иштелип чыкканын белгиледи. Ага ылайык, айып пулдарды төмөндөтүү сунушталууда: — […]

Айзада Канатбекованын өлүмү. Жактоочу ооруп калып отурум жылдырылды

Бүгүн, 1-июлда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ала качуунун курмандыгы болгон Айзада Канатбекованы ала качкандар боюнча соттук отурум уланууда. Соттук отурум башталганда айыпталуучулардын биринин жактоочусу коронавирус илдети менен ооруп калгандыгына байланыштуу кийинки отурум 13-июлга жылдырылды. Сотто 5 айыпталуучунун иши каралууда. Алар Сыймык Молдосариев, Кубаныч Токон уулу, Ажыкабыл Рысбай уулу, Замирбек Раманкулов, Орузбек Нурумбетов. Булар Айзаданы ала качкан Замирбек Теңизбаевге жардам […]

Тайырбек Сарпашев үй камагына чыгарылды

«Кумтөр» ишине байланыштуу коррупцияга шектелип кармалган экс-вице-премьер Тайырбек Сарпашев эч жакка кетпөө тил каты менен бошотулду. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. «29-июндагы токтомго ылайык, Сарпашевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сотко чейинки өндүрүш жана соттук териштирүү аяктаганга чейин анын туруктуу жашаган жеринен кетпөөсү жөнүндө кол коюу түрүндө бөгөт коюу чарасына өзгөртүлдү», — деп айтылат […]

Ысык-Атада бир тууганын өлтүрүүгө шектелген аял кармалды

Ысык-Атада киши өлтүрүүгө шектелип анын бир тууган эжеси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 30-июнь күнү Ысык-Ата РИИБине Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалыматтын негизинде дароо Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан жансыз денени кароо […]

БШКнын мүчөлөрү алмашты. Жаңы курамдын тизмеси

Парламент Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамын шайлады. Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети бүгүн БШК мүчөлүгүнө 12 талапкерди жактырып, парламентке алып чыкты. Жалпы жыйында алардын баары колдоо тапты. Президенттин квотасы менен сунушталгандар: Нуржан Шайлдабекова (учурдагы БШК төрайымы);Марс Наспеков;Анар Дубанбаева;Нурлан Койчукеев;Акбалык Жумалиева;Айдана Жупуева.Фракция сунуштагандар: КСПД — Узарбек Жылкыбаев, өкмөттүн Ош […]

Аида Касымалиева: «Мээсинен айнып калган министриңер бул жакка келсин же жумуштан кетсин»

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева парламенттин 30-июндагы жыйынында, шалаакылыкка жол берген Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев өлкөдөгү оор эпидемиологиялык абалга күнөөлүү экенин айтты. «Ар кайсыны айтпай эртерээк вакциналарды сатып алса болмок. Коңшу өлкөлөрдө 6 миллиондон ашык адам эмдөөдөн өткөн. Адамдардын өлүмүндө министрдин түздөн-түз күнөөсү бар. Аконит менен дарылайм деп отуруп […]