Чүй облусунун соту кызматтан алынды

Чүй облустук сотунун судьясы Дамирбек Оңолбековдун ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулду. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Оңолбеков соттун жүрүм-турум эрежелерин бузгандыгы үчүн кызматынан бошотулган. Эскерте кетсек, 7-июнда Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында президент Чүй облусунун соту жумушуна мас болуп келгени тартылган тасманы көрсөтүп, ал ишке күндө мас […]

Мискенбаев: “Кой-таш” окуясын кайрадан териштирсе, чындык чыгат эле

Мээрбек Мискенбаев Автор ТВ каналынын “ПОЛИТИК” берүүсүнө маек берип жатып, Кой-таш окуясы кандай болгону боюнча, видео, фактылар бар экенин жана далилдеп бере ала тургандыгын айтты. “Күнөөсү жок камалгандардан сураса, чындык чыгат. Мен жабырлануучумун, кантип айыпкер болуп калганым, дагы деле табышмак бойдон калууда. Соттор бизди уккан жок, жакындарым келип сураганда, Жээнбеков чалсын, биз Мискенбаевди бошотобуз деп […]

«Ак-Тилек» өткөрмө пунктунда 50гө жакын жүк ташуучу унаа кезекте турат

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – унаа жолу» көзөмөл-өткөрмө пунктунда саат 12:00гө карата 50гө жакын жүк ташуучу унаа чек ара көзөмөлүнөн өтүү үчүн кезекте турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти. Чек ара кызматы эки мамлекеттин чек арасындагы өткөрмө бекеттер кадимки тартипте иштеп жатканын белгилейт. «Кыргыз-казак чек арасындагы башка өткөрмө бекеттерде кезек жок», — деп айтылат маалыматта. […]

Белгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариев дүйнөдөн кайтты

Белгилүү тарыхчы Ташманбет Кененсариев 72 жашында жүрөк оорудан кайтыш болгонун жакындары кабарлашты. Ташманбет Кененсариев Кыргызстандын XIX кылымдагы тарыхы, Кыргызстандын Орусияга каратылышы, Кокон хандыгынын тарыхы боюнча изилдеген. Кыргыз тарыхынын байыркы мезгилдерден азыркыга чейинки актуалдуу маселелери, санжыралар, түрк элдеринин дүйнө цивилизациясындагы орду, Манас баатырдын тарыхый чындыгы сыяктуу илимий маселелер боюнча изилдөөлөрү бар. Кененсариевдин эмгегинин натыйжасында кыргыз тарыхнаамасында […]

Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн чет жакка чыгып кетти

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев дарылануу үчүн кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алып, чет өлкөгө чыгып кетти. Бул тууралуу маалыматты мекеменин басма сөз кызматкери ырастады. Ал Ташиевдин кайсы дартка чалдыкканын айткан жок, башкы чекист аз күндө кайтып келерин гана белгиледи. Мунун алдында бир катар басылмалар атайын кызматтын башчысы азыр Кыргызстанда эмес экенин […]

БШКнын төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды

КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) төрайымы болуп кайрадан Нуржан Шайлдабекова шайланды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, бүгүн, 2-июлда КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясынын жаңы курамынын биринчи жыйналышы болуп өттү. Жыйналышты БШКнын жаш курагы боюнча улуу мүчөсү Анар Дубанбаева ачты. “КР Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү […]

Чолпонбек Абыкеев Мамлекеттик катчы болуп дайындалды

Чолпонбек Абыкеев Кыргызстандын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды. 65 жаштагы Чолпонбек Абыкеев жазуучу жана журналист катары белгилүү. Буга чейин ал Министрлер кабинетинин төрагасынын кеңешчиси болуп турган. Абыкеев “Аалам” гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору болгон. Курманбек Бакиевдин башкаруусу учурунда президенттик администрациянын коомчулук менен байланыш бөлүмүн жетектеп, кийин Мамлекеттик архивди башкарган. Мамлекеттик катчы […]